Жарыялар

blog details

Транскрипт жана студенттик маалымкат

Mar 25, 2025

Транскрипт жана Студенттик маалымкат

*  Жеке өзүңүз кайрылганыңызда 1(бир) иш күнүнөн кийин
*  Интернеттен кайрылганыңызда системада көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде берилет.

 

Студенттик жана кампус карталары

 

Эгерде сиздин студенттик картаңыз жоголсо, уурдалып же сынса, экономикалык жана башкаруу факультетинин имаратынын А-102 бөлмөсүндөгү кеңсебизге кайрылыңыз.

Жоголгон учурда чогулта турган документтер:

  1. Кыргызстанда чыккан расмий газеталардын биринин жарыя рубрикасында студенттик билетиӊиз жокко чыгарылгандыгы тууралуу жарыянын эсеп дүмүрчөгү.
  2. Калкты тейлөө борборунан (ЦОН) студенттик билетиӊиз табылбагандыгы тууралуу маалымкат. 

Дареги: Жибек Жолу көч. № 381, 1-кабат , «Выдача готовых документов» терезеси.

       c. Студенттик билеттин акысынын  эсеп дүмүрчөгү. (Кампус картаӊыз аркылуу студенттик бөлүмдөн төлөнөт).

Бардык документтер даяр болгондо, төмөндөгү шилтемеден форманы жүктөп алып, толтуруңуз. Андан кийин бардык документтериңиз менен студенттик иштер бөлүмүнө барып, жаңы картага буйрутма берсеңиз болот.

  Картаны жоготуу формасын жүктөп алыңыз

Эгер кампус картаңыз жоголсо же сынса, экономикалык жана башкаруу илимдер факультетинин имаратындагы Демир Банктын кеңсесине кайрылыңыз.