Жарыялар
Семестрдин аягындагы экзамендер башталган күн (Туризм)
Семестрдин аягындагы экзамен
32-берене – (1) Семестрдин аягындагы экзамен – бул семестр аяктагандан кийин, семестрде өткөрүлгөн курстардагы, практикалык иштердеги жана лабораториялык иштердеги студенттин жетишкендиктерин окуу календарында көрсөтүлгөн күндөрдө өлчөө үчүн өткөрүлүүчү экзамен.
(2) Семестрдин аягындагы экзамендин графиги кафедра/программа башчысы тарабынан даярдалат жана окуу календарында аныкталган семестрдин аягындагы экзамендердин башталуу күнүнөн он беш (15) күн мурун бөлүмдүн башкаруу кеңешинин чечими менен жарыяланат.
Зарылчылык болгон учурларды кошпогондо, жарыяланган экзамендин күнү өзгөртүлүшү мүмкүн эмес.
(3) Катышуу талабына жооп бербеген студенттер семестрдин аягындагы экзаменге киргизилбейт.
(4) Курс боюнча семестрдин аягындагы экзаменди тапшырбаган же экзамен тапшырган, бирок 40/100 баллдан аз балл алган студент ошол курстан өтпөй калды деп эсептелет.
Türkçe
Русский
English




